Съемка учурунда Пугачеванын астмасы кармап калды

Ырчы Алла Пугачева. Архивдик сүрөт

Совет жана орус эстрада ырчысы Алла Пугачева Игорь Николаевдин чыгармачылыгына арналган “Бүгүн кечинде” телепрограммасын тартып жатканда өзүн жаман сезди. Бул тууралуу “Собеседник” басылмасы жазды.

Пугачева Останкинонун телеборборуна Николаевдин чыгармачылыгынын 40 жылдыгын куттукттоо үчүн келген.

Съемка башталгандан көп өтпөй 69 жаштагы ырчынын аллергиядан улам астмасы кармап калган. Ал ден соолугу начарлай баштаганда студияны таштап, чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Ырчынын аллергиясы студиядагы жасалма кардан улам кармашы мүмкүн, – деп жазат басылма. Өткөн жылы да Пугачева Леонид Агутиндин юбилейлик концертинде өзүн жаман сезген.

Бирок Максим Галкин Пугачеванын ден соолугу жакшы экенин айтты.

“Съемка ноябрда тартылган. Ал өзүн жаман сезгени үчүн эмес, кетиши керек болгон үчүн студиядан кетүүгө арагасыз болгон”, – дейт Галкин. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика