Жапаров: Кадамжайдын ЗАГС бөлүмүндө кезек 3 күндө жетет

1

Фейсбук колдонуучусу, журналист Кайрат Жапаров Кадамжай районундагы жарандык актыларды каттоо бөлүмүндөгү тейлөөнүн начардыгы, элдин нааразылыгы тууралуу пост жазды. 

“Кадамжайдын ЗАГС бөлүмүнө эл ушунчалык нааразы, басып барганга бутубуз зыркырайт дешет. “Барсаң, 50-60- болуп кезекке жазыласын, кезегиң келгенче 3 күн өтүп кетет. Кезекти бузуп, жең ичинен акчасын берип, жумушун бүтүрүп кеткендер андан көп” – деп зар какшап жатышат. Атын атагасы келбеген жаран, “Кызымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн паспорт алууга жаратпай күбөлүктүн жазуусун лупа менен окуп көрсөң, көзгө жакшы көрүнбөгөн нике күбөлүгү тууралуу да жазуулар жазылып турат дешти. Алмаштыруу үчүн ЗАГС бөлүмүнө баргам, кезек тийбейт экен. Ара жолдо азапка салып жатышат” -деп, нааразычылыгын билдирет”.

 Жапаровдун айтымында, жергиликтүү гезиттин жумуштун жүрүшү, тейлөө иштери боюнча Кадамжай райондук ЗАГС бөлүмүнүн башчысы Уулкыз Омошевага кайрылса, маалымат берүүгө убактысы жок экенин айткан.

“Мурда Баткен районунда иштеп жүргөндө гезитке маалымат берген элем, ошол жерден маалыматтарды алып чыгарып койо бергиле дептир. 2017-жылдын 13-февралында жарык көргөн “Кызыл Туу” гезитиндеги өзү маек берген жерлерин өзүнчө айрып берип, ушундай таризде чыгара бергиле дегени кызык болуптур 🙂

Кызыгы, Уулкыз Омошева учурда Кадамжай районунда иштеп жатканын, Баткен менен Кадамжай ар бири өзүнчө район экенин, азыр 2017-жыл эмес, 2019-жыл экенин унутуп калган го 🙂

Мына, элди кимдер тейлеп жатат, мына, жумушка болгон мамиле”. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

1
Пикир калтыруу

avatar
1 Comment threads
0 Thread replies
0 Followers
 
Most reacted comment
Hottest comment thread
1 Comment authors
Эламан Recent comment authors
  Subscribe  
newest oldest most voted
Notify of
Эламан
Guest
Эламан

Туп-туура 6 ай каттадым мен ушул жерге очередь тийбей , очередь тийсе куболуктун корочкасы жок болуп