БТА банкынын өкүлдөрү чыгарган ок. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

Жалал-Абадда БТА банкынын кызматкерлери жана аларды коштогон милиция жергиликтүү эки тургун менен чырдашты. Күзөтчү асманга гана эмес, алар менен жаңжалдашкан жарандын унаасына да ок чыгарган.

Жалал-Абад ОИИБ билдиргендей, окуя мурдагы күнү саат бирлер чамасында Кара-Көл шаарында жүз берген. Отуздан өтүп калган эки киши БТА банкынын алдында “Жигулини” “Пассатка” туташтырып, аккумуляторун кубаттап жаткан. Ошол учурда коммерциялык банктын акча ташуучу машинасында бараткан төрт кызматкер (экөө банк өкүлү, экөө милиция) жолду бошотуп коюуну суранышат. Ортодо жаңжал орун алып, инкассаторду коштогон милиция алгач асманга, кийин “Пассаттын” дөңгөлөгүнө ок чыгарат да, баары кетип калышат.

Банк кызматкерлери унаада ири суммада акча болгонун, жол бербегендердин айынан уруш-талаш чыкканда коопсуздук үчүн ок чыгарылганын айтышты. 

Дөңгөлөгүнө ок тийген тургун эч кимге доосу жок экенин билдирди.

Бул боюнча милиция кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика