Бишкек: 21 митингчиге айып пул салынды

Бишкектеги митинг. Азаттыктын сүрөтү

Коомдук тартипти бузгандыгына байланыштуу 21 адам кармалды. Ар бирине Бузуулар кодексинин 82 жана 91-беренелеринин негизинде 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Алар митинг уюштуруудагы эрежелерди бузуп, жол кыймылына жолтоо болгондор, кастыкты козуткан чакырык таштагандар. Мекемеден билдиришкендей, кармалган адамдар айып пулду бир айдын ичинде төлөшү керек.

“Бир айдын ичинде төлөбөсө тууму өсөт. Белгиленген мөөнөттө төлөбөсө материалды сот карайт. Тынчтык митингин уюштургандар Бишкек шаардык мэриясына кат жолдогондо саат 10 дон 13:00гө чейин убакыт берүүнү, кийин тарап кетишерин билдиришкен. Бирок саат 15:00гө чейин тарабай коюшту, эскертүүлөрдү бердик. Бир канчасы жолго чыгып, өтүп бара  жаткан машиналардын жолун тосууга аракет жасап, кыйкырып, чектен чыга баштаганда милиция кармап кетти. Башта 13 адамды Биринчи май райондук сотуна алып барышты”, -деди Бакыт Сеитов.

Учурда кармалгандардын баары кое берилди.

17-январь күнү Бишкектин Ала-Тоо аянтында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн  кытайларга каршы митинг өткөн. Күбөлөр 500дөй адам чогулганын, уюштуруучулар болсо эки миңдей киши келгенин айтышты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of