Казакстанда экоинспекторлорго кол салууга шектелгендер кармалды

Караганды облусунда “Охотзоопром” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине кол салууга шектелген үч адам кармалды. 

Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүүлөр Кызылордо шаарындагы үйлөрдүн биринде жүргүзүлгөн “атайын операция маалында” колго түшүрүлгөн. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери уланууда.

“Охотзоопром” ишканасынын кызматкерлери Ерлан Нургалиев менен Петр Ницыкка 13-январь кечинде Караганды облусундагы Нура районунун аймагында кол салуу болгон. Ал күнү инспекторлор рейд жүргүзүп, бөкөндөрдү атууга шектелген адамдарды колго түшүрүүгө аракет кылышкан. Инспекторлор алардын унаасын текшерип жатканда, анын ичиндеги кишилер каршылык көрсөтүшкөн.

15-январда өлкөнүн Айыл чарба министрлиги ооруканада жаткан 53 жаштагы Ерлан Нургалиев каза болгонун билдирген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of