Азия Кубогу: Кыргызстан $200 миң утуш менен кайтат

Кыргызстан курамасы/АФК

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы Азия кубогунан 200 миң доллар сыйлык менен кайтат. Бул азыркы курс менен алганда 14 млн сом, – деп кабарлады “Экономист” каржы басылмасы. 

Чемпионаттын жалпы сыйлык фонду дээрлик 15 млн долларга жакындайт. Чемпион – $5 млн, экинчи орунду алгандар – $3 млн, үчүнчү жана төртүнчү орунду алгандар $1 млн алат.

Ал эми финалдык бөлүктөгү 24 команданын баарына 200 миң доллар каралган. Демек Кыргызстан бул акчалай сыйлыкты утту.

Кыргызстан курамасы Азия Кубогунун 8/1 баскычында Бириккен Араб Эмирлигине 3:2 эсебинде жеңилип калды. Дээрлик бардык күйөрмандар азыр кытайлык калыс Фу Мингдин атаандаштарга тартып койгонун айтып, нааразылыгын билдирүүдө. Бирок ак шумкарлар татыктуу оюн көрсөткөнүн белгилеп, жеңиштен артык оюн үчүн улуттук кураманы алкап жаткан кез.

Беттеш улуттук курама үчүн кандай жыйынтыкталганына карабай, кыргыз футбол тарыхында жаңы барак ачылды.Кыргызстан биринчи Азия биринчилигине чыгып, мыкты 16 команданын катарына кирди.

Ак шумкарларды тосуп алабыз! Улуттук курама 24-январда Кыргызстанга кайтат

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика