Майыптардын укугу тууралуу конвенцияга кете турган каражаттын булагы айтылды

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясы ратификацияланып калса, 75 мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилүүгө тийиш.

Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровго таянуу менен билдирди.

Конвенцияны ишке ашыруу үчүн бюджеттен 6,6 млрд. сом каражат талап кылынат. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, конвенциянын алкагында аткарыла турган айрым иш-чаралар жергиликтүү бюджеттин жана жеке ишкерлердин эсебинен каржыланат.

“Конвенциядагы биз үчүн эӊ татаал маселелердин бири майыптарды турак жай менен камсыздоо болуп саналат. Ошондон улам, азыр жумушчу топ түзүлүп, Турак жай жана Жер кодекстерине өзгөртүүлөрдүн долбоору даярдалууда”, – деди ал.

Ушул тапта Жогорку Кеӊеште Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Анын негизги максаты баардык майыптар адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, ошондой эле алардын аброюн сыйлоого артыкчылык берүү болуп саналат. Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн алгачкы 10 жылда 6 млрд. 647 млн. сом керектелет.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстанда 181 миӊ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, алардын басымдуу бөлүгү эрезеге жетелек балдар болуп саналат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика