Азамат Абсаттаров: Көкүрөк какпагыла! Салымбековдой кыргыз футболуна салым кошкон бай жок

0

Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Азамат Абсаттаров Кыргызстандагы акчалуу саясатчы, бизнесмендерди сынга алып, Аскар Салымбековдой бир да бай кыргыз футболунун өнүгүүсүнө салым кошподу деп кейиди.

Ал байлардын эс алууга, шайлоо кампанияларындагы көрнөк-жарнактарга короткон акчаларын футболго да жумшаш керек деп, чиновниктерди көңүл бурууга чакырды.

Абсаттаров мамлекеттик кызматта иштеп жатканыны карабай агынан жарылып, акчалуулар жок дегенде стадиондордун абалын оңдоого жардам колун сунушу зарыл деп эсептейт

Анын постун өзгөртүүсүз жарыялайбыз.

Кызматтык этиканы бузду десеңер дегиле! Кыргызстандагы чиновниктер, байлар, бай депутаттар,”бай саясатчылардын” бири дагы Салымбековдой кыргыз футболуна салым кошкон жок. Шайлоого миллиондогон акчаңарды баннерлерге эле сарптап жатасыңар! Миллиондогон акчаңар эс алууга эле кетип жатат. Албетте өз эркиңер. Бирок футболдун “даамын” татып калдык. Спортко, айрыкча футболго өзгөчө көңүл буруу зарыл! Акчалуу депутаттар болбоду дегенде стадиондордун абалын оңдоого салым кошсун! Футбол өлкөнүн жүзү, өлкөнүн намысы! Мындан ары алдыга гана жылышыбыз керек. Азия Кубогунда кыргыз эли “Кыргызстан” деп кыйкырып турду. Элдин кыргыз футболуна үмүтү жанды. Президент баш болуп колдоого алды. Өлкө башчыбыз да футболго өзгөчө көңүл бурушуна ишенем. Эң бириңчи мамлекеттик колдоо керек! Мына бизге идеология! Келгиле шайлоолордо, элдик жыйындарда көйгөйлөрдөн сырткары футболго көңүл бурулуусун талап кылалы!“,-деди ал.

Эскерте кетсек, футбол боюнча улуттук курама командабыз биринчи жолу Азия чемпионатынын финалдык баскычында ойноп, тайпадан 8/1 финалга чыга алды.

Бул күндөрү Кыргызстан оюнчулары бүткүл өлкө жарандарын телевизор алдына топтоп, жалпы журтту бириктире алды.

Ак шумкарларды тосуп алабыз! Улуттук курама 24-январда Кыргызстанга кайтат

Александр Крестинин: калыстардын чечимин талкуулабайм

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of