Министр Жаманкулов цирк кызматкерлеринин бүгүнкү акциясы тууралуу кабарсыз

Мамлекеттик цирктин 35 кызматкери жумуштан кетүү арызын жана буга чейин фетиваль-сынактарда алган сыйлыктарын бүгүн маданият министри Акылбек Жаманкуловго тапшырганы жатат.

Алар министрликтин алдына сыйлыктарын жайып, Жаманкуловду бир сааттан ашык күтүшкөн. Эч ким алар менен жолугушууга чыкпаган соң цирк артисттери өкмөт үйүнө бет алган.

Мунун баарынан министр Акылбек Жаманкуловдун кабары жок. Бул тууралуу ал “Калыс Медиага” билдирди.

“Мен билбейт экем. Сизден биринчи жолу угуп атам. Өкмөткө жыйында жүрдүм”, – деди министр. 

Ал циркке директор дайындоо ушул апта чечилерин кошумчалады.

Цирктин 35 артисти иштен кетүү арызын маданият министрине тапшырат

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика