Москвада мекендештерине жасалма авиабилет саткан кыргызстандык кармалды

Шектүү/ИИМ

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жарандарды авиабилеттерди сатып алууда ортомчуларга кайрылбастан, атайын авиакассалардан алуу менен, сатып алууда тийиштүү чек-талондорду талап кылууну эскертет.

Элчиликтин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдиргендей, Кыргызстандын ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жергиликт укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында авиабилетке байланыштуу алдамчылык боюнча кылмышка шектүү жаран кармалган.

Ал 23 жаштагы Кыргызстандын жараны болгон. Ага карата Москва шаарынын Замоскворечье району боюнча ИИБна жабыр тарткан Кыргызстандын 23 жаранынан арыз түшкөн. Азыркы кезде аталган факты боюнча козголгон иштин алкагында тергөө иштери жүрүүдө.

Элчилик Россиянын органдары менен биргеликте мындай алдамчылык иштерге тиешелүү жарандарды иликтеп, табуу боюнча, ыкчам аракеттерди көрүүдө жана ушуга окшош алдамчылык иштерге кабылып, жабыр тарткан жарандарды тиешелүү органдарга кайрылууга чакырат.

Мигранттар Москва-Бишкек, Москва-Ош жана кайра Москвага кайтуу үчүн жасалма авиабилеттерин Москва шаарынын метросунун «Добрынинская» станциясындагы Большая Ордынка көчөсүндө жайгашкан авиакассалардан эң көп сатып алышат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика