Тойлорун мектеп директорлорунун эсебинен өткөргөн ким? Кайрылуу

Бишкектеги мектептердин бири/Азаттык

Аламүдүн райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Элида Сейталиеванын “мыйзамсыз иш аракети жана жосунсуз жоруктары” тууралуу министрликке жолдонгон кат соцтармакка жарыяланды. Мектеп директорлору жетекчиге карата тез арада чара көрүүнү суранышат.

Катта айтылгандай, Элида Сейталиева той, үй-бүлөлүк майрамдарын директорлордун эсебинен өткөрүп, боорсок-таттууларды даярдап келүүгө мажбурлайт.

“Билим берүү министрлигинин тыюусуна карабай, мектептерде, бала бакчаларда жаңы жылдык кечелерге кымбат билеттерди сатууга мажбурлайт. Олимпиадаларда ар бир  катышуучу окуучудан 150 сомдон чогулттурду”,  -деп айтылат катта.

Мындан сырткары улам эле чогулуштарга чакыртып, директорлордун ишин үзгүлтүккө учуратканы жөнүндө сөз болгон Мисалы, алар башкармалыкка келип, 2,5 саат Сейталиеваны күтүп жыйынга кирсе, чогулуш 7 мүнөткө гана созулган. Ошондо айтылган маалыматты телефондон деле жеткирип коюшса болмок, -деп айтылат катта. Мынтип башкармалык жетекчисин саатап күткөн учурлар көп болорун арыздануучулар кошумчалашты.

“Сейталиева прокуратурага шылтап дайыма эле кандайдыр рейддерди өткөрүп, баарын стресске түртөт. Аны интрига, ушак, шектенүү жана териштирүү деген нерселер кызыктырат”, – дешет директорлор.

Алар бул жагдайды териштирүү маселесин 2 жылдан бери көтөрүп келишет. Бирок кайрылуулардан жыйынтык боло элек. Сейталиева үч айдан ашык ооруканада болуп, жоопкерчиликтен качып жүргөнү айтылат.

“Сейталиева аны президенттин аялы, мурдагы аким баштаган чоңдор колдой турганын айтып келет”, – дешет директорлор өз катында.

Алар Аламүдүнгө жаңы акимдин келиши менен абал өзгөрөт деген ишеничин билдиришти. Кат толугу менен бул жакта.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика