Жээнбеков мамлекеттик менчикти уурдагандарды катуу жазалоону тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алып, атайын кызматка биринчи кезекте мамлекеттин мүлкүн уурдагандардын бетин ачуу боюнча жумушту активдүү улантуу керектигин тапшырды.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда УКМКнын өткөн жылдагы ишмердигинин жыйынтыгы, Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 14-декабрындагы чечимдерин ишке ашыруунун алкагында коюлган тапшырмаларды аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Кыргызстан жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, ички жана тышкы коркунучтарга, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча комитеттин ишмердиги жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчысы өлкөнү санариптештирүү чараларынын алкагында УКМК тиешелүү органдар менен биргеликте киберкоопсуздукту камсыздоо жана өлкөнүн маалыматтык инфраструктурасын ишенимдүү коргоо маселелеринин үстүндө иштөөсү зарыл экенин белгиледи.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика