Кыргызстандык футболчу Япония клубуна өттү

23 жашка чейинки Кыргызстандын улуттук курама командасынын футболчусу Айдар Мамбеталиев карьерасын Япония чемпионатында улантат. Бул тууралуу Спорт Акипресс жазды.

21 жаштагы коргоочу “Ococias Kyoto” клубу менен келишим түздү. Команда Япониянын аймактык Kansai Soccer League чемпионатында ойнойт.

“Жаратылган мүмкүнчүлүк үчүн клубдун жетекчилигине ыраазычылык билдирем. Мен биринчи жолу Японияга келдим, командабыздын жаңы баскычтарга жетишине жардам берем”,-деп футболчу клубдан расмий сайтына билдирген.

2018-жылы Мамбеталиев “Абдыш-Ата” клубунда ойноп баштап, сезонду Мальдивдин “Валенсия” клубунда аяктаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика