ТИМ: Америкадан иш убадалагандарга ишенбегиле

Алдамчылар АКШга виза ачып берүү жана жумушка жайгаштыруу үчүн жарандардан $15 миң өлчөмүндө акча сурашат. 

Социалдык тармактарда Тышкы иштер министрлигинин атынан “атайын квотанын негизинде жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү бар” деген маалыматтар тараган. Шылуундар ал үчүн жарандардан 15 миң доллар сурашат.

Министрлик жарандарды мындай маалыматтарга жана чет өлкөлөргө ишке орноштурууга убада берген түрдүү адамдарга, компанияларга ишенбөөгө чакырды.

ТИМ Америкадагы жумуштар жана анын шарттары тууралуу маалыматтарды бул сайттан тапса болорун эске салды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of