Жаманкуловдун айланасында кайрадан чыр. Министр өзү эмне дейт?

Маданият министри Азамат Жаманкуловдун айланасында кайрадан кадрдык чыр. Болотбек Осмонов иштен кетүү арызын жазууга министр мажбурлаганын айтууда. 

Улуттук опера жана балет театрынын директору Болотбек Осмонов Азамат Жаманкуловдун буйругу менен кызматтан алынды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Калыс Медиага” маданият министри билдирди.

Жаманкулов Осмоновдун театрдан кетишине эч кандай тиешеси жок экенин айтып, маселенин өзөгүндө директордун туура эмес чемимдери турганын билдирди.

Ал киши арызын жазып кетти. Эмне жөнүндө сөз болуп жатканын билбейт экем. Мен арыз жазуу тууралуу айткан эмесмин. Менимче компьютердик оюндардын турнири себеп болду. Биз театрдын ички жумуштарын бир сыйра карап чыктык.  Арыз жазышына театрдагы айрым мүчүлүштүктөр менен акыркы болгон окуялар себеп болушу мүмкүн”,- дейт Жаманкулов.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы Опера жана балет театрынын жетекчисин иштен алуу, дайындоо укугу Жаманкуловдо эмес, премьер-министрде экенин кошумчалады.

“Негизи Опера жана балет театры Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында болгону менен, директорду премьер-министр дайындайт. Болотбек Осмонов арыз жазды. Кечээ кеч тактаган маалымат боюнча арыз премьердин кароосунда турат”,-деди басма сөз катчы Айнура Асанбаева. 

Кечээ Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын директору Болотбек Осмонов кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын; буга аны маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов мажбурлаганын билдирген.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары Улуттук опера жана балет театрында Dota-2 компьютердик оюну боюнча турнир өткөрүлгөнүн сынга алышкан. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов иштин чоо-жайы териштириле турганын жана мындан кийин маданий жайларда багытына туура келбеген иш чараларды өткөрүүгө тыюу салынарын билдирген.

Эске салсак, Мамлекеттик циркке жетекчи дайындоо ишинде да ызы-чуу чыгып, министр Азамат Жаманкуловду жамааттын бир бөлүгү чечкинсиздикке жана жеке бир адамдын кызыкчылыгын коргоого айыпташкан.

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика