Жеке жашоомо аралашпагыла! Мыкы элден кечирим сурады

0

Ал мыйзам бузбаганын, бирөөнүн көзүнө чөп салбаганын жана киши өлтүрбөгөнүн айткан. 

Юморист Мыктыбек Мукаев интернетте тарап кеткен  видеодон кийин Инстаграмга кечирим иретиндеги пост жазды.

“Достор, акыркы жума мен үчүн жашоодогу эң оор жума болду. Адам баласы болгондон кийин баарыбыз жаңылат экенбиз. Бул ката мен үчүн жана башкалар үчүн дагы чоң сабак болду десем жаңылышпайм. Мен болгону туура эмес убакта, туура эмес жерде болуп калдым. Ал эми көрө албаган адамдар ошол учурдан колдонуп, жеке жашоомо кийлигишип, каралоо максатында элге жаманатты кылышты. Ал күн менин эсимде жок. Чын. Бул окуядан кийин мен башты жерге салып чөгүп кеткен жерим жок, ошол эле учурда эрдик кылдым деп мактанбайм. Чөгүп кеткендей законду бузган жокмун, бирөөнүн көзүнө чөп салган жокмун, киши өлтүргөн жокмун. Бойдокмун. Ушундай жаман окуяга кабылганым учун менин чыгармачылыгымды жакшы көргөн адамдардан кечирим сурайм. Эң негизгиси менин жакын адамдарым чындыкты билишет жана түшүнүү менен туура кабыл алышты. Эми мындан дагы катуурак иштеп, сиздерди өзүмдүн чыгармачылыгым менен сүйүнтө бермекчимин. Ошондо чыгармачылыгымды каалашынча талкууласаңар болот. Ал эми жеке жашоомо аралашпооңорду суранам, ар кимдин жеке жашоосу ар кимдин өзүнүн иши. Туура түшүнүү менен кабыл аласыңар деген ойдомун…”,-дейт Мыктыбек Мукаев.

Мыктыбек Мукаев Орусиянын “Comedy баттл” теледолбоору жана “Тамашоу” менен белгилүү болгон. Азыркы тапта продакшн студиялар менен биргеликте тартылган  “Мыкы шоу” берүүсүн алып барат.

Инстаграмда @zari_opp деген колдонуучу Мыкы экөө эс алып жаткан учурда түз эфирге чыккан. Бул кыз интернетке  жарым-жылаңач, интимдик мүнөздөгү сүрөттөрүн жарыялап жүрөт.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of