Дыйкан-фермерлер шашылгыла! Өкмөт арзан насыяны бере баштайт

«Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоорун башталды, –деп билдиришти өкмөттөн.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Айыл чарбасын каржылоо -7» долбоорунун алкагында мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба продукциясын иштетүү жумуштары дыйкан-фермерлерге насыя бериле баштайт.

Долбоордун мөөнөтү 60 айга чейин болот.

Ал эми сүт, эт, жүн, бал, балык, жашылча, картошка, жемиш, пахта тамеки, төө буурчак сыяктуу багыттарга бериле турган насыялардын жылдык үстөк пайызы 6% деп белгиленген.

Жылына 8% акыркы пайыздык үстөк төмөнкүлөр үчүн белгиленген:

Бак өстүрүү, токойчулук, күнөскана, тамчылатып сугаруу, асыл тукум жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн жабуудалрды сатып алууга насыялардын жылдык үстөк пайызы 8 % менен берилет.

Айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү сунушу болсо жеке кредиттер боюнча 150 миң сомго чейинки өлчөмдөгү жана топтук кредиттер боюнча 500 миң сомго чейинки өлчөмдөгү кредиттик каражаттар 18 айга чейинки төлөө мөөнөтү менен күрөөсүз негизде берилиши мүмкүн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of