Бишкекте 4 миң түп дарак кыйылабы? Мэрия түшүндүрмө берди

Сүрөт/Спутник Кыргызстан

Муниципалитеттен билдиришкендей, марттан баштап Бишкек шаарынын жолдорун оңдоп-түзөө иштери башталып, ага байланыштуу 4 миңдей дарак түрү кыйылышы мүмкүн. Азыркы тапта мэрия жол оңдоо иштери канча бак-даракка кедергесин тийгизерин эсептеп жатат.

“Мартка чейин коомчулуктун да пикирин күтөбүз. “Болду, кыйылсын!”,- деген чечимди чыгара элекпиз. ММКлар “тигил бак кыйылат, мунусу кыйылат” деп  туура эмес маалымат таратышты. Бул чоң дарак да, көчөт да, бактын дүмүрү же бадал да болушу ыктымал. Бирок жыйынтыгында мунун баары бак-дарак деп эсептелет, ошентип анын саны көбөйүп кетип атат”,-дейт мэриянын маалымат кызматы.

Мэрия эки жыл ичинде Бишкектин 60 көчөсүн оңдоп-түзөөнү планга киргизген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика