Кеминде өрттөн бир адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Кеминдин Боролдой айылында турак-жайдан чыккан өрттөн 58 жаштагы эркек киши каза болду. Ал түтүнгө ууланып калган.

ӨКМ билдиргендей, кырсык тууралуу маалымат аларга кечээ кечки саат 18:30га жакын түшкөн. Жалынды толук өчүрүүгө бир сааттай убакыт кеткен.

Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан улам чыкканы аныкталды.

Өткөн суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of