Бишкек-Ташкент каттамы кадимки тартипте иштей баштады

4-февралдан баштап Бишкек-Ташкент каттамындагы автобустар жаңы расписание менен жүрө баштаганын транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Астанада Казакстан менен Кыргызстандын транспорт жана жолдор министрликтеринин өкүлдөрү аталган каттамдын ишке ашырылышын кайрадан макулдашкан.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстан Бишкек-Ташкент багыты боюнча жүргөн автобус каттамын өз аймагы аркылуу өткөрбөй жатканы боюнча билдирүү жасаган.

Кыргызстан менен Өзбекстан Бишкектен Ташкентке жүрүүчү каттамды 2018-жылдын май айында эки өлкөнүн өкмөтүнүн келишиминин негизинде ишке киргизген. Каттамдын жалпы узундугу 601 чакырымды түзөт.

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика