Нурбаев министрге: бизнесменсиз, өзүңүздүн акчаңызга “джип” алыңыз. Видео

0

Депутат Абдывахап Нурбаев саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге жаңы эле алынган жол тандабас кызматтык унаасын сатып, ордуна тез жардам унаасын алууну дагы бир жолу сунуштады.

Алган “джиптер” боюнча Таласка берип жибердик деп кутулбай, тез арада сатып ордуна тез жардам унааларын алыш керек. Өзүңүз бизнесменсиз, жеке акчаңызга жол тандабас сатып алып айдай бериңиз. Ал каражат Дүйнөлүк банктын акчасы“,-деди эл өкүлү.

  • Эскерте кетсек, 2018-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Бүткүл дүйнөлүк банктан келген каражатка эки жол тандабас алышкан. Алардын баасы $82 000 турат.
  • Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев унаа алуу боюнча чечим ал кызматка келгенге чейин эле чыкканын айтып келет.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Нурбаев министрге: бизнесменсиз, өзүңүздүн акчаңызга “джип” алыңыз.

Публикация от КАЛЫС МЕДИА (@kalys.media)

Нурбаевдин бир ооз сөзү. Министр жолтандабасты токтотту

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of