Момбеков: “Кыргыз темир жолу” улуттук эмес, уурулук компания болуп калды. Видео

0

Улуттук компания азыр уурулук компания болуп калды. Темир жолдордун узундугу канча километр болсо, коррупцияда да ошончолук. Мындай оюн депутат Рыскелди Момбеков ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин көчмө жыйынында билдирди. 

Момбеков “Кыргыз темир жолу” Орусияга сатылат деген сөздөрдүн чын-төгүнүнө кызыкты. Ишкананын жетекчиси Канатбек Абдыкеримов бул туура эмес маалымат экенин айтты.

Депутат соңку жылдары эмне үчүн  ишкананын кирешеси азайып жатканын айтып кейиди. Эл өкүлүнүн пикиринде ишкана коррупциянын очогуна айланып, киреше алып келе турган булактарды жок кылган.

Дыйкан базар 2008-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Игорь Чудиновдун токтому менен ачылган. Андан түшкөн каражаттын 80%ы темир жол ишканасына, 20%ы Бишкек шаардык мэриясына чегерилип келген. Базар жабылганга чейин 38 млн сом салык төккөн. Соода жайын өкмөттүн токтомун жокко чыгарбай жаптырып, натыйжада Эсеп палатасы ишканага 179 млн сом зыян келтирилгенин аныктаган. Сиздер базардын жанында нефтебаза бар, эгер өрт чыкса адамдар күйүп кетет деген шылтоо менен жаптыргансыздар. А эмнеге нефтебазаны жылдырбадыңыздар? Анан дагы ал жерге эстакадалык көпүрө курулат дедиңер ал дагы эки жылдан бери салынбады. Силер эки жыл кирешесиз калдыңар. Мындайча айтканда жумуртка тууп жаткан тоогуңарды союп жеп, кысыр тоокту алып отурасаңыр. Базарды жабуунун бир гана максаты болгон – жери бирөөгө керек эле. Силер бүгүн айтпай отурасыңар, чынында ал жерде эки депутатка тиешелүү эки нефтебаза бар. Алардын кызыкчылыгы үчүн жабылган, үй салыш керек болчу. А силер айта албай отурасыңар“,-деди Момбеков.

  • “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын паркындагы жүк вагондордун 53,3 пайызы иштебейт.
  • Кыргызстанда темир жолдун узундугу 424,6 чакырымды түзөт. Темир жол рельсинин 17 пайызын жаңылоо керек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of