Рыспаев: паспорттогу “улут” графасын ордуна коюп койгула!

0

Депутат Кожобек Рыспаев паспорттогу “улут” графасын кайра ордуна коюунуу талап кылды.

Эл өкүлү парламенттин бүгүнкү жыйынында кезинде паспорттогу «улуту» деген графа боюнча калк арасында катуу талкуу болгонун, ага карабай өкмөт коомчулуктун, анын ичинде депутаттардын пикири менен эсептешпей, өз токтому менен биометрикалык паспорттон аны алып салганын айтып чыкты.

«Жарандын улуту жөнүндөгү маалымат чипке түшүрүлгөн дешет, анын эмне кереги бар. Коомчулук талап кылып жатат, паспорттогу «улуту» деген графа көрүнүп турушу керек. Ошондуктан, Өкмөткө аны ордуна коюу боюнча протоколдук тапшырма бериш керек», – деди эл өкүлү.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of