Акжол Махмудовдун дарылануу чыгымын мамлекет көтөрөт

0

Күрөшчү Акжол Махмудов  бутунан олуттуу жаракат алды. Ага операциялык кийлигишүү керекпи-жокпу азырынча белгисиз.

Спортчу төшөктө жатып калган жок. Өз алдынча басып жүрөт. Жарым жылга жетпей Акжол машыгууга кайтары күтүлүп жатат.

Спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Нурдин Султамбаевдин айтымында, Махмудовдун дарылануусуна кеткен чыгым толугу менен мамлекеттик казынадан каржыланат.

Азырынча дарылануу чыгымы 1,5 млн сом экени айтылууда.

Грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов 20 жашта. Былтыр Азия чемпиону болгон. Бир катар эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of