Алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

0

Шектүү жаран алдоо жолу менен жабырлануучунун $1000 жана 92 миң сомун алган. 

ИИМден билдиришкендей ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган Б.Р. аттуу жараны кармалган. Ал буга чейин бир нече жолу соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Маалым болгондой, 2018-жылдын ноябрь айында шектүү жаран Чүй облусунун жашоочусунун (аял киши) ишенимине алдоо жолу менен кирип, ири суммадагы акча каражатын алып изин жашырып качып кеткен. Чала тааныш адам жабырлануучудан кыймылсыз мүлк (Сокулук районундагы жер тилкеси) боюнча көйгөйлөрүн чечип берем деп ири суммадагы акча каражатын алып жүргөн.

Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of