Батыралиев гемодиализ боюнча миллиондорду жок кылган деп шектелүүдө

0

УКМК мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кылмышка шектелип жатканы боюнча билдирме жиберди.

Батыралиев бөйрөк оорулуулары үчүн гемодиализ жаатында тейлөөлөрдү сатып алганда мамлекетке пайдасыз келишимдерди түзгөн деп айыпталууда. Жыйынтыгында казынага 107 млн сомдон ашык зыян болгон, – дешти атайын кызматтан.

Бул каржылык мыйзам бузууларды Эсептөө палатасы аныктап чыккан.

Учурда текшерүу иштери уланууда.

Таланбек Батыралиев 2014-18-жылдары саламаттыкты сактоо минситри болуп турган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of