Карашев: мамлекетти чыгашага учураткан Инвестиция агенттигинин кереги барбы?

0

Тарткан инвестициясы болгону 3 млн сом, а бюджети -22 млн сом. Кирешесинен чыгашасы жети эсе көп ишкананын кимге кереги бар? – деп суроо салат депутат Аалы Карашев. 

Депутат экономика министри Олег Панкратовду инвестиция тартуу көлөмүнүн кескин түшүп кетишине өз күнөөсүн моюнга алууга чакырды.

Сиздин айтканыӊызга караганда, дүйнөлүк каатчылык, кытай, парламент жана башкарлар күнөөлүү тура, кыскасы, сизден башканын баары күнөөлүү экен. Өз күнөөӊүздү да сезишиӊиз керек. Маалыматка ылайык, инвестиция Бишкек шаарына, Чүй жана Жалал-Абад облустарына көбүрөөк тартылат экен. Инвестиция Жалал-Абаддын кайсы тармагына тартылды? Инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттигинин бюджети канча?», – деген суроолорду салды ал.

Агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу инвестициянын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунун тоо-кен тармагына тартылып жатканын, агенттиктин бюджети 22 млн сомду түзөрүн билдирди.

Мамлекет агенттикке 22 млн сом бөлсө, агенттик 3 млн сом киреше киргизет экен, демек силер мамлекетти 7 эсе чыгашага учуратып жатыпсыӊар. Анда мындай агенттикти кармоонун эмне кереги бар? Биз инвестицияларды коштоп жүрөбүз дейсиӊер, коштоп эмне кыласыӊар? Мисалы, сиз Novotel мейманканасынын курулушуна жабышып жатасыз, ал ишти башкалар жасап жатпайбы», – деди депутат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of