Казакстан: сууктан улам мектептерде сабактар токтоп, жолдор жабылууда

0

Катуу суукка байланыштуу Казакстандын, Караганды, Павлодар, Кокшетау, Чыгыш-Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарындагы мектептерде сабактар токтотулду.

Мындан тышкары 8-февралда Астанада эртең менен окугандар, ошондой эле колледждердин биринчи курстары үчүн сабактар болгон жок.

Аба ырайына байланыштуу өлкөдөгү бир топ автоунаа жолдорунда кыймыл токтоду. “Казахавтодор” ишканасынын маалыматына караганда, Павлодар облусундагы жана Астанага кире турган жолдордун баары жабылды. Чыгыш-Казакстан, Акмоло жана Түндүк Казакстан облустарында коомдук жана дизель автотранспорттору үчүн кыймыл чектелди.

Ушул жуманын башында Казгидромет чукул билдирүү таратып, өлкөнүн 10 облусунда катуу суук болуп, температура минус 45 градуска чейин жетиши мүмкүн экенин эскерткен.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of