Максат менен Сайкал ажырашты. Алып баруучу менен кайненеси комментарий берди

0

Бирок нике күбөлүгү кыркыла элек.

Жубайлар Максат Довранов менен Сайкал Садыбакасова ажырашты. Маалыматты “Турмуш” басылмасына Гүлшайыр Садыбакасова ачыктады.

Садыбакасованын айтымында, Максат менен Сайкалдын чогуу жашабай калганына 1 ай болгон.

“Ортолорунда түшүнбөстүктөр болуп, экөө тең ажырашууну чечишкен. Бирок нике күбөлүгү кыркыла элек. Мен Максатты өз баламдай эле көрөм. Сайкал менен Максат ажырашса дагы достук мамилени сактап калышат. Максаттын ишине ийгилик каалайм. Кудагыйым менен да жакшы мамиледемин. Мындан ары мамилебиз уланат”, – деген Гулшайыр Садыбакасова.

Теле алып баруучу Максат Довранов жубайы менен ажырашканын “Супер Инфого” берген маегинде ырастады. Ал Сайкал экөөнүн эки жолго түшкөндөрүнө көп эле убакыт болгонун билдирген.

“Тагдыр экен, ажыраштык. Ошентип акырындан кайра бойдокчулукка көнүп жатабыз. Өзүм тамак жасап, өзүм кийимдеримди даярдап дегендей. Бул чечимди мен же Сайкал чыгарды деп айта албайм. Биз бири-бирибиз менен акылдашып, жаман-жакшы айтышпай, түшүнүшүп ушул чечимге келдик”, – деген Максат.

 Сайкал Садыбакасова бул жөнүндө комментарий бере элек. Азыр ал Египетте эс алып жүрөт.

Түгөйлөрдүн чогуу жашабай калганы социалдык тармактарда буга чейин көп козголгон. Бирок экөө тең бул маалыматтын жалган экенин айтып келишкен.

Теле алып баруучу Максат Довранов менен Сайкал Садыбакасованын үйлөнүү тою 2017-жылы ноябрь айында Ош шаарында өткөн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of