Өзгөндүн акиминин орун басары “Кылымдын баатыры” сыйлыгын алды

0

Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Болот Дыйканбаев “Кылымдын баатыры” төш белгисин алды. Чиновниктин сыйлыгы менен түшкөн сүрөтүн акимчиликтин Фейсбуктагы расмий баракчасы кечээ жарыялады.

Болот Дыйканбаев төш белги “Даанышман” коомдук фонду тарабынан берилгенин “Калыс Медиага” билдирди.

Анын айтымында наам кайрымдуулук иштери үчүн ыйгарылган. Ошондой эле чиновник 2007-жылы Кыргызстанда биринчи жолу Өзгөндө көчмөндөр оюндарын өткөргөнүн кошумчалады.

Болот Дыйканбаев 2018-жылдын 23-июлунда Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of