Башкы прокуратура Дамир Мусакеевдин иши боюнча маалымат таратты

0
Сүрөт: Апрель

УКМКнын Тогузунчу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев кызмат аблынан кыянат пайдаланып, кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деп айыпталууда.

Маалыматка караганда, Мусакеев 2016-17-жылдары Тогузунчу башкармалыкты жетектеп турганда, өзүнүн айланасындагы адамдардын кызыкчылыгын көздөп, үйгө жылдап кезек күткөндөргө карабай, батирлерди мыйзамыз бөлүштүргөн.

“Мусакеев 15 кызматтык батирди мыйзамсыз бөлүштүргөн. Анын ичинде 3 батирди мурда үй алгандарга берген. Жыйынтыгында Тогузунчу башкармалыктын кезекте турган 18 кызматкери үйсүз калган”, – дешти прокуратурадан. 

УКМКга бул фактылар боюнча арыз түшкөн соң текшерүүлөр башталган.

Буга байланыштуу 7-февралда Бишкек гарнизонун аскер прокуратурасы Дамир Мусакеевге кылмышка шектелип жатканы боюнча эскертме берилди.

Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын аныктап, эч жакка кетпөө боюнча катын алды.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенген жан сакчысы Дамир Мусакеевге кылмыш иши козголгонун КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кечээ билдирген. Ал иште саясий боек бар деп, Атамбаевди сатпай, жанына калгандарды куугунтуктоо башталганын айтты.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of