Канатбек Маматов Футбол федерациясына президент болуп шайланды

0
Канатбек Маматов/Футбол федерациясы

Канатбек Маматов Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти болуп шайланды. Ал бул кызматка жалгыз гана талапкер болчу. 

Футбол федерациясынын билдирешкендей, бүгүн өткөн түзүмдүн кезексиз жыйынында алгач Семетей Султановдун отставкасын кабыл алышты.

Кийин Канатбек Маматов президенттикке бир добуштан шайланды. Устав боюнча ал 4 жыл иштейт.

Семетей Султанов Футбол федерациясынын президенти болуп 2016-жылы экинчи мөөнөткө кайра шайланган эле. Ал өз каалоосу менен кызматтан кетерин буга чейин жарыялаган.

Кыргызстандын Футбол федерациясы 1992-жылы 25-февралда түзүлгөн. Эки жылдан кийин ФИФА жана Азия футбол конфедерациясына мүчө болгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of