33 млн сомдук сапатсыз китептер. Прокуратура кылмыш ишин козгоду

0
Сапатсыз делген "Табият таануу" китеби/24.kg

2018-жылы сапатсыз жана колдонууга мүмкүн болбогон окуу китептери басылып чыккан. Башкы прокуратура Билим берүү министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Дүйнөлүк банктын жооптуу адамдарынын аракетинде кылмыш иши бар деп жарыялады. 

Китептерди басып чыгарууга Дүйнөлүк банк 16,5 млн доллар өлчөмүндө насыя жана грант берет. Анын 4 млн 168 миң доллары 5-6-класстар үчүн жаңы окуу куралдарды даярдоого сарпташкан.

Бул китептерди чыгарууну мойнуна алган “БК” ишканасы 2016-жылы 10-авустта келишим шарттарын бузуу менен, “Табият таануу” жана “География” китептерин басууну сынакка катышкан “И” деген ЖЧКга өткөрүп берген. А бул ишкананын квалификациялык көрсөткүчтөрү талаптарга такыр туура келбейт.

Ошол эле “БК” министрликтин мыйзамсыз талабын аткарып, Координациялык кеңешменин сынына толук китепти эмес, биринчи чейрек үчүн гана даярдалган авторлордун кол жазма вариантын алып келет.

Мындан сырткары аталган ишкана менен “Табият таануунун” автору 2012-жылы чыккан китептин көчүрмөсүн эле алып, жаңы китеп жазуу келишимин түзүшкөн.

“Ушунун баарына карабай Кыргыз билим берүү академиясы, министрликтин техникалык жана сынактык комиссиясы стандартка туура келбеген китептерди басууга уруксат берип салат. Жыйынтыгында 2018-жылы сапатсыз жана колдонууга мүмкүн болбогон китептер чыгарылат”, – дешти прокуратурадан. 

Сапатсыз китептерди басып чыгаруу жана нускалоого дээрлик 33 млн сом сарпталган.

Башкы прокуратура “кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “алдамчылык” беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Текшерүү уланууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of