Активисттер жарандарды насыя алып той өткөрбөөгө чакырууда

1

Өткөн түндө активисттер борбор калаадагы көчөлөргө, банктардын алдына «Тойго насыя алба!» деп жазып чыгышкан.

Уюштуруучулар муну жарандар насыя алып той өткөрүүгө каршы экенин жүйө келтирип, бирок банктардын ишмердүулүгүнө каршы эмес экенин, болгону ал жерге келген жарандар бул эскертүүнү окушу керек деп белгилешти.

Улуттук банктын азырынча бул акциядан кабары жок. Башкы финансылык мекеменин өкүлү Айгүл Молдобекова түпкүлүгүндө активисттердин идеясын колдой турганын билдирди.

Кыргызстанда акыркы убактарда банктан кредит алып той өткөргөн көрүнүш күч алган. Айрым мааалыматтарга караганда кыргызстандыктардын бир жылда  тойго чыгымдаган каражаты өлкөнүн тышкы карызына чамалап барат деп айтылып жүрөт.

Улуттук банктын расмий маалыматына караганда ушул жылдын 7-февралына карата Кыргызстанда 25 коммерциялык банк ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

Сүрөт: интернет булактарынан

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

1
Пикир калтыруу

avatar
1 Comment threads
0 Thread replies
0 Followers
 
Most reacted comment
Hottest comment thread
1 Comment authors
Айгуль Recent comment authors
  Subscribe  
newest oldest most voted
Notify of
Айгуль
Guest
Айгуль

.Кредит алып той берип алып мигрант болуп жүрүп ооруп каза болду айылдашым.
Кредит алып той бергендерге каршымын.