Акын Темирлан Ормуковдун кылмыш иши токтотулду

0
Сүрөт: Азаттык

7-февралда Октябрь райондук соту акын Темирлан Ормуковго карата козголгон кылмыш ишин токтотту. Анткени депутат Бастан Бекешов арызын кайтарып алган. Бул тууралуу айыпталуучу өзү билдирди. 

Бирок Ормуков кылмыш ишинин мынтип кыскартылышына нааразы. Анткени ал реабилитациялана албай, кылмыш жоопкерчилигине тартылган бойдон калдым дейт.

Акын өзүн мамлекеттик өз билемдиктен курмандыгы болдум деп эсептейт жана жакын арада өлкөдөн чыгып кетет.

Эске салсак, Темирлан Ормуков экс-президент Алмазбек Атамбаевге ыр жазгандан кийин белгилүү болгон. Башкы прокуратурага чакырылып, тушүндүрмө берген.

Ал эми кылмыш иши Дастан Бекешовдун арызы менен козголгон. Ормуков депутатты оң рулдуу унааларды алып-саткан ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо үчүн ири суммада акча алган жана Сокурлар, дүлөйлөр коомунун төрагасын иштен алуу максатында мыйзамсыз митинг уюштурган деп айыптаган. Бекешов муну жалган жалаа деп, Ормуковду сотко берген эле.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of