Аравандагы аянычтуу абалдагы агартуу жайы. Район акими мектепти оңдоп берүүгө убада берди

0

Социалдык тармактарда кейиштүү абалдагы мектеп, үстү жабылган эмес, эшиги жок, окуучу эмес, чоң адам да түшүп кетчүдөй болгон ажаткана тууралуу билдирүү жарыяланган. Бул агартуу жайы Араван районунда экенин белгилүү болгон.

“Калыс медиа” Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев менен байланышып, агартуу жайынын чыныгы абалы тууралуу маалымат алды.

Район жетекчисинин айтымында Күндөлүк айылындагы бул мектеп төрт жылдык болуп, учурда 12 окуучу билим алат. Жогорку класстын окуучулары Чөгөм айылына катташат. Айылда жалпы 21 кожолук бар.

Аким Курбанбек Айтибаев менен байланышканыбызда жергиликтүү жетекчилер менен дал ушул сөз болуп жаткан мектепте жүргөнүн, андагы кемчиликтерди жоюуга киришкенин айтып берди.

“Жергиликтүү тургундар мектептин ажатканасы мынчалык кейиштүү абалда эмес болчу, кимдир бирөөлөр бузуп анан сүрөткө тартып кетиптир дешти. Эки-үч күндө талапка ылайык ажаткана куруп беребиз. Жаз алды менен ашар жолу менен, ошондой эле мамлекеттен акча бөлдүрүп, кошумча каана куруп берели деп элге убада бердик. Ата-энелер тарабынан нааразычылык жок. Ошентсе да кемчиликти оңдоо биздин милдет”,-деди район жетекчиси.

Мектеп 1990-жылы ашар жолу менен турак-үй тибинде курулган.

Сүрөттөр Абдимитал Омоновдун баракчасынан алынды

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of