Бишкекте эки күн концерт өткөрүүгө камынып жаткан өзбек ырчысы Озода Нурсаидованын абалы оорлошуп бейтапканага түштү. Учурда Ташкенттеги жеке клиникалардын биринде дарыланууда.
Ырчынын бир тууган сиңдиси бул тууралуу кабарлап, эжеси аны көрө албаган кишилердин айынан ооруп калганын билдирди. 9-февралда түндө Озоданын “Инстаграмдагы” баракчасына сиңдиси ыйлап, видео жүктөп, “касташкан кишилердин жоруктарын түшүнбөй жатканын” айтты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Борбор Азияда, Түркияда жана айрым араб өлкөлөрүндө таанылган Озода он беш жылдай убакыттан бери өз мекенинде чоң сахналарда концерт коё албайт. Телерадиодо ырлары жаңырбайт. Бирок башка ырчылар сыяктуу дайыма лицензия менен иштейт. Ага карата тыюу салуулардын себеби ачык айтылбайт. Дагы бир белгилүү ырчы Юлдуз Усманова экөөнүн ортосунда ачык тирешүү да жүрөт.
- Озода Нурсаидова 8-9-мартта Бишкекте концерт коёру расмий кабарланган.
Пикир калтыруу