Бразилиянын “Фламенго” футбол командасынын базасында чыккан өрттөн 10 футболчу каза болду. Алардын 6сы 14 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөр. 4 адам базанын кызматкерлери болгон. Дагы 3 бала оор абалда ооруканада.
Өрт 8-фефраль күнү Рио-де-Жанейро шаарындагы клубдун базасында чыккан. Тилсиз жоо 10 мүнөттүн ичинде бардык курулушту жалмаган. Имараттын ичиндеги 26 адамдын 16сы качып чыгууга үлгүргөн. Алдын-ала божомолдор боюнча өрт электр тогунун чыңалуусунан келип чыккан.
“Фламенго” – Бразилиянын эң атактуу клубдарынын бири. Алты жолу өлкө чемпиону болгон.
Пикир калтыруу