Кадамжай соту жаңы имараттуу болот

0

Кадамжай райондук соту жаңы имараттуу болот. Имараттын курулуш иштери башталып, 9-февраль күнү  капсуласы ташталды. Иш-чарага район акими Жаныбек Исаков, райондук соттун төрагасы Жаныбек Момбаев жана башка мекеме-ишкана жетекчилери катышты.

Куруу иштерин Ош шаарындагы «Грузотрейд» ЖЧКсы ишке ашырып, имарат толугу менен 2019-жылдын июнь айында пайдаланууга берилет. Каражат республикалык  бюджеттен каралып, жалпы сметалык баасы 14,86 млн сомду түзөт.

Райондук соттун эски имараты 1958-жылы курулуп, талапка жооп бербей калган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of