Ошто жол кырсыгынан үч окуучу жабыркады

0
Сурөт: Турмуш

Бүгүн таңга маал Ош шаарында кичи автобус менен жеңил унаа кагышып, үч окуучу жабыркады.

Кырсык саат 7:45 чамасында болгон. А.Масалиев жана И.Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде “Mercedes-Benz Sprinter” менен “Honda Stream” кагышкан, – деп билдирди Ош шаардык ЖКККБнын өкүлү Рашид Сыдыков.

Жол кырсыгынан төрт адам жабыркаган, анын үчөө 13-16 жаштагы окуучулар.

“Алар ооруканага жеткирилген. Жатып дарылануу муктаждыгы барбы-жокпу эми анык болот”, – дейт Сыдыков.

Ушул тапта инспекторлор окуя болгон жерде иштеп жатат. Кырсык себеби так аныктала элек.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of