Ысык-Көлдө мал уурулар кармалды

0
Сүрөт: ИИМ

Алар азырынча эки короодон 30 баш койду уурдаган деп шектелүүдө.

Кылмыштуу топ малды Тоң районунан уурдап, башка облустарга алып чыгып саткан,  -деп билдиришти ИИМден.

Январдын башында райондун Дөң-Талаа айылынын тургуну 10 баш койун уурдап кетишкенин кабарлаган. Андан көп өтпөй эле башка айылдан бир корооодон 30 баш кой жоголот.

Бул кылмыштарга шектүү катары үч адам кармалды. Алардын бирөөсү 40 жашта болсо, берки экөө мурда соттолгон 27 жаштагы классташ балдар болгон.

Шектүүлөрдүн көрсөтмөсү менен уурдалган койлордун көбү Токмок шаарынан табылган жана 20 баш кой жабырлануучуларга өткөрүлүп берилди.

“Божомолдонгондой эле, ууруларга айылдагылардын мал-жанын жакшы билген тургун жардам берип жургөн. Ал мурда мал багуучу болуп иштеген”, – деп айтылат маалыматта. 

Шектүүлөр азыр Тоң РИИБде. Сотко чейинки иликтөө иштери уланууда.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of