Автоунаага байланыштуу ишеним каттардан тез арада арылыңыз. Мунун 10 себеби бар

Сүрөт: Кактус

“Коопсуз шаар” долбоору башталганына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы автоунаасы барларга, транспорт каражаты атына катталгандарга эскерттүү таратты.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Видеобайкагычтар тигил же бул унаанын жол эрежесин бузганын каттайт да, айып пулду ошол унаанын расмий кожоюнуна – катталган адамга жибере берет.

Эмне кылуу керек? 

Сиз сатып жиберген унаа азырга чейин сиздин атыңызда болсо, тез арада Транспорт каражатын жана айдоочулук курамды каттоо департаментине (РЭО) барып, сатты-алды келишимин каттатыңыз. Бул мындан аркы көйгөй, убарагерчиликтен арылтат.

Нотариус аркылуу ишеним кат (доверенность) менен унааны сатып алган адамда кандай көйгөйлөр болот? 

  1. Сатып алуучу менен нотариуста чектөө (арест, күрөө) тууралуу маалымат болбойт;
  2. Эгер ишеним каттын мөөнөтү өтүп кетсе, унаа ээсин табуу көйгөй жаратат;
  3. Унаанын ээси өлүп калса, мураскорлор менен көйгөй болушу мүмкүн. Мураска укук тууралуу маалымат кат мурас ачылгандан тарта алты айдан кийин гана берилет;
  4. Эгер унаа ээси башка өлкөгө туруктуу жашоого чыгып кетсе, өткөрүп алууда маселелер пайда болот;
  5. Унаанын ээси ишеним катты каалаган учурда жокко чыгарып, машинаны кайтарып бер деп талап кыла алат;
  6. Жарандык кодекске ылайык, унааны ишеним кат менен алган адам аны өзүнө каттата албайт;
  7. Ишеним кат менен унаа башкарып жүргөн адам техпаспорт же мамлекеттик номурун жоготуп алса, аны кайра ала албайт. Ал ошондой эле унаага коюлган арест, күрөө же дагы башка чектөөлөр боюнча маалыматты ала албайт.

Ишеним кат менен унааны сатып жиберген адамда кандай көйгөйлөр болот?

  1. Унаа жол кырсыгына кабылса же башка кылмыш катталса, ошол унаанын кожоюнунан юридикалык жоопкерчилик алынбайт;
  2. Бардык айып пул жана салыктар транспорт каражатынын ээсине келет;
  3. Транспорттук каражаттын өзү издөө кыйындайт, анткени сатуучу берген ишеним кат эч бир мамлекеттик органда катталабайт.

Бүгүн «Коопсуз шаар» иштей баштады. Сиз бул маалыматты сөзсүз билишиңиз керек

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of