Бүгүн “Коопсуз шаар” иштей баштады. Сиз бул маалыматты сөзсүз билишиңиз керек

0

Коопсуз шаар” долбоору боюнча  жол эрежесин бузган айдоочулар айып пулдар тууралуу маалыматты uslugi.gov.kg порталынан биле алышат.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдиргендей, аталган порталда айдоочулар «Жол эрежелерин бузууда салынган айып пулду текшерүү» деген бөлүмгө кирип жеке номерин жана унаанын номерин жазганда толук маалымат чыгат.

Комитеттен кошумчалагандай айдоочулардын телефонуна билдирүү аркылуу маалымат берүүчү тиркеме да иштелип чыгат.

Бүгүн,12-февралдан баштап “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи баскычы иштей баштайт. Видеокамералар орнотулган аймактарга  “Көзөмөл” деген белги коюлган.

Жол эрежесин бузуу фактысын видеокаттоого жана сүрөткө тартчу камералар борбор калаанын төмөнкү көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган:

  1. Жибек Жолу — Жаш Гвардия;
  2. Чүй — Фучик;
  3. Чүй — Бейшеналиева (Ош базарынын аймагы);
  4. Жибек Жолу — Фучик;
  5. Чүй — Жаш Гвардия;
  6. Бөкөнбаев — Абдрахманов;
  7. Жибек Жолу — Абдрахманов;
  8. Чүй — Курманжан датка;
  9. Москва — Абдрахманов;
  10. Горький — 7 Апрель.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of