Кыргызстандын бир миллионго жакын жараны сыртта жүрөт

КМШнын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 2018-жылдын башына карай 74 миң 541 адамга Россия аймагына кирүүгө тыюу салынган, ал эми 2018-жылдын соңуна карата чектөө коюлган жактардын саны 65 миң 532 адамга кыскарган.

Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиясында белгилүү болду.

Эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде жетишилген кыргыз-орус макулдашууларын ишке ашыруу алкагында «тобокелдик тобундагы» 200 миңдей кыргызстандыктын болжол менен 100 миңдей жараны өз абалын мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана алды. Буга катар 5500 кыргызстандыктын Россиянын аймагына кирүүсүнө жол ачылган.

Жыйынга катышкан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова миграциялык саясат жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатканын сындады.

«Жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, бул жаатта чечүүнү талап кылган бир катар көйгөйлөр бар. Биринчи кезекте Миграциялык саясат концепциясын иштеп чыгуу, чет жердеги мекендештерди колдоого алуу программасын бекитүү зарыл. Президентке караштуу чет жердеги мекендештер менен байланышуу боюнча кеңеш түзүлгөн, анда Мамлекеттик миграция кызматы аталган кеңештин катчылыгы болуп саналат. Бул багытта катчылыктын толук кандуу ишин активдештирүү зарыл. Белгилесем, айрым тапшырмалар жана бир катар программалардын пункттары өз мөөнөтүндө аткарылбаган бойдон калууда», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эмгек миграциясында Кыргызстандын 710 миңден ашуун жараны жүрөт. Анын ичинде Россияда – 640 миңден ашуун, Казакстанда – 30 миң, Түркияда – 30 миң, Түштүк Кореяда – 15 миң, башка өлкөлөрдө 20 миңден ашуун адам бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика