Өспүрүмдөр арасында тартип бузууну болтурбоого арналган иш-чара өттү

ИИМдин Жаш өспүрүмдөр арасындагы тартип бузуулардын алдын алуу борборунун демилгеси менен жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу максатында жакында орто мектептерде атайын иш-чаралар болуп өттү.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, Бишкек шаарындагы жана Аламүдүн районундагы орто мектептердин 8-11-класстары үчүн атайын иш-чаралар болуп, мектеп рэкети, опузалап акча талап кылуу, эртелеп турмушка чыгуунун зыяндары, үй-бүлөлүк зомбулук, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштардын алдын алуу жана башка лекциялар окулду.

Аталган борбордун кызматкерлери тарабынан  жогоруда айтылган укук, тартип бузуулардын кайсыл категориялары боюнча өспүрүмдөр милиция бөлүмүнө жеткирилери жана аларга карата кандай иш-чаралар көрүлөөрү тууралуу маалымат берилди. Аны менен бирге видеороликтер көрсөтүлүп, плакаттар жана буклеттер таратылып берилди. Кызматкерлер тарабынан окулган лекциялар дискуссия иретинде өттү.

Өз кезегинде окуучулар тартип, укук бузуулар тууралуу өздөрү даярдаган спектаклдерди коюп беришти.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of