Ала-Букада сабак учурунда соода-сатык кылып жүргөн балдар аныкталды

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү прокуратура, социалдык жана билим берүү мекемелери менен бирге рейд жүргүзүп, окуу учурунда мектепке барбай жүргөн өспүрүмдөр аныкталган.

Бул тууралуу Ала-Бука РИИБнен кабарлашты.

Рейд учурунда соода-сатык кылган жашы жете элек 8 өспүрүм табылган. Ата-энелеринин айтымында, балдар түштөн кийин окушкандыктан, чоңдорду ээрчип алып жатышат. Аларга балдарын базарга алып чыкпоо боюнча эскертүү берилди.

“Түшүндүрүү иштеринен кийин гана ата-энелер балдар турмуш-шарттын айынан базарларга чыгып жатканын айтышты. Иштеп, окууга тартылбай калган өспүрүмдөр ар кандай кылмышка аралашып калган учурлар бар. Базарда жүрүп уурулукка барып жатышат. Ошолордун алдын алуу максатында базарларга, мектептерге рейд жасап, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Социалдык кызматтын өкүлдөрү мындан ары дагы ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантышат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика