Аламүдүн: аял өзүн жана эки баласын өрттөп салган деген божомол бар

0
Иллюстративдик сүрөт/Баку кабарлары

ӨКМ кечээ түштөн кийин Аламүдүндө өрт кырсыгынан аял жана эки бала каза болгонун билдирген. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди. 

Күч түзүм өкүлдөрү “Кактуска” билдиргендей, бул өрт кырсыгы кокустук эмес, аял бензин сатып алып, эки баласы менен чогуу отурган үйдү өрттөп салган болушу мүмкүн.

Айрым маалыматтар боюнча аял мындай кадамга үй-бүлөдөгү маселелерден улам барган. Маркумдун жана жолдошунун угуусу начар болгону айтылууда.

Чүй ОИИБ бул боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Аламүдүндө өрттөн үч адам каза болду, экөө жаш балдар

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Популярное видео

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of