Экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамы экинчи окууда колдоо тапты

Жогорку кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында экс-президенттин кол тийбестигин алуу тууралуу мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда кабыл алды.

Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга катышкан 94 депутаттын ичинен сегиз депутат каршы добуш берген.

Президенттин кол тийбестигин алып салууу боюнча мыйзамга өзгөртүүнү киргизүүнү депутат Курманкул Зулушев жана Исхак Масалиев сунуштаган.

Эл өкүлдөрү тарабынан сунушталган мыйзам колдоого алынса, экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле экс-президентке жана анын жакындарына мамлекет эсебинен кам көрүү чектелет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика