Эрте никенин алдын алуу боюнча жүздөн ашык иш чара өткөрүлдү

0

Акыркы жарым жылда өлкөдө аймактарында эрте никенин алдын алуу боюнча ири маалыматтык кампания жүргүзүлдү.

Диний лидерлер  106 иш-чара өткөргөн. Имамдар  эрте никелешүүнүн алдын алуу максатында жума намаздарда баяндама айтуу менен эркектерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ал эми аялдар, кыздар жана балдар медреселеринин окуучулары менен жолугушууларды, форум-театр жана тренингдерди өткөрүшүп, эрте никелешүүнүн ден соолукка, билим алууга, кесип тандоого,үй-бүлөлүк турмуштун келечегине жана жалпысынан кыздардын коопсуздугуна тийгизчү кесепеттери жөнүндө маалымат беришти.

«Окутулган диний лидерлер тарабынан маалымат кампаниясын жүргүзүү аркылуу жашы жете электерге нике кыюу диний каадасына тыюу салуу жөнүндө Мыйзамдын жүзөгө ашырылышына колдоо көрсөтүү» маалымат кампаниясы 2018-жылдын август айынан башталган. Ал «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фонду тарабынан дин комиссиясы жана муфтият менен кызматташтыкта өткөрүлдү.

Маалымат кампаниясы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын “Кыргызстанда аялдардын жана кыздардын маргиналдашууга туруштук берүүсүн мамлекеттик милдеттенмелерди аткаруу аркылуу жогорулатуу” долбоорунун алкагында Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин каржылык колдоосу менен жүзөгө ашырылган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of