Окуучуну өлтүргөн деген шек менен сегиз бала кармалды

Кармалгандардын жетөө окуучу, бирөө мектепти былтыр бүтүп кеткен.

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча балдардын ортосунда мурда пикир келишпестик орун алган. Кармалгандардын айтымында маркум Д.А. өткөн жылдын декабрь айында сегиз баланын бирөөсүнүн уюлдук телефонун тартып алган. Андыктан алар өч алууну чечишкен.

“Шектүүлөрдүн жетөө ошол эле Караколдогу эки мектептин окуучулары экен. Ал эми бирөө эч жерде иштебеген, 1999-жылкы бала экени аныкталды. Алар түн ичинде баланы автоунаа базарына алып келип, таяк менен сабап өлтүрушкөн”,- деди Сталбек Усубакунов.

18 жаштагы окуучунун сөөгү мал базардан 12-февраль күнү эртең менен саат 08:23 чамасында табылган. Маркумдун ата-энеси ал болжол менен түнкү саат 24.00 чамаларында үйдөн чыгып кетип, ошол бойдон кайтып келбегенин милицияга билдирген.

Азыркы тапта адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иштери башталып, кармалгандардын баары убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of